“КИТЕП ЖАНА МЕН” долбоору

Ааламдашуу заманында окуучуларды китепке тартуу максатында мектеп жетекчилиги тарабынан “Китеп жана мен” долбоору иштеп жатат.

Долбоордун негизги максаты — окуучуларды китеп окууга тартуу, руханий жан дүйнөсүн мыкты чыгармалар менен тааныштыруу, мотивация берүү болуп саналат.

Долбоордун алкагында келген конок балдарга китеп окуп берип, алар менен биргеликте эркин форматта ой бөлүшөт.