“Манас” күнү белгиленди

Жыл сайын 4-декабрь “Манас” күнү белгиленет.

Биздин мектеп да бул датаны көңүл сыртында калтырган жок. Мугалимдер окуучулар менен биргеликте иш-чара уюштуруп, кичинекей балдардан тартып жогорку класстын окуучуларына чейин Манас айтышты.

Иш-чаранын негизги максаты — улам кийинки өсүп келе жаткан муунга Манасты жеткирүү, даңазалоо жана жайылтуу болуп саналат.